Биз менен байланышыңыз

Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгында коррупциянын бети ачылды

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 1081 | 0

Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы маалымдады.

Ага ылайык, УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Баткен областтык Мамэкотехинспекциясынын аймактык башкаруу жана капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары аныкталды.

Такталгандай, Баткен шаардык аймактык ветеринардык лабораториясынын жана Баткен районундагы 3 орто мектебин курууда жана ишке киргизүүдө, куруу иштерин көлөмүн жогорулатылган баада кургандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Баткен облусттук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу), 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 315-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков облустук прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип, убактылуу кармоочу жайда олтурат.

Copyright © 2017 Maral FM