Биз менен байланышыңыз

Жаштыгым мигрант болуп өттү

Блог | 21 Дек 2018 | 1792 | 0

«Биздин жаштык да мигрант болуп өттү го», – деп капа болсом, сиңдим – «Сиздин го жаштыгыңыз өтүптүр, менин балалыгым да мигрант болуп өттү…» – деп башын чайкайт…

Кечээ ишкерлер менен шаар сыртындагы айылдын мектебине барып, окуучулар менен келечек тууралуу маектештик. Баштан өткөн тажрыйбадан баштап, кесип тандоо, ишкердик тууралуу кеңири маалымат бердик. Азыркы окуучулардын мындан 10-15 жыл мурдагы биздикиндей балалык сезимдери жок, салыштырмалуу токтоо, келечекке өктөм карайт. Берген суроолору да орундуу, өзүнүн келечектеги жашоосун көз алдында элестеткендей сүрөттөп, андагы түшүнүксүз жагдайлар тууралуу собол узатат. Билгенибизден билбегенибиз көп болсо да, улуу катары ар бир жооптон сабак алчудай шартта жооп узатып жатканбыз. Катардан 5-6-класстагы бала кол көтөрүп, «Эгер сиз баткендик болсоңуз, Баткенге тез-тез барып турасызбы? Айылыңызды сагынасызбы?» – дейт. Бала кыял таза сезимдер. Берген суроосу залда отургандардын каткыруусуна себеп болгону менен толкунданганымдан көңүлүм бошой түштү. Сыртымдан күлсөм да, жан дүйнөм аңтарылып, жүрөгүм эзилди. «Ооба, мен да сагынам. Чаң жуткан балалыгым, андагы эч нерсеге алмаштыргыс таза сезимдер… Ата-энем, бир туугандарым, тууган-досторум, айылдаштарымды кантип сагынбай коеюн…» Эркек болбосом, артисттик кылып болсо да көзүмдөн жаш агызмакмын. Сыртыма билгизбестен, качандыр окуган нарындык акындын айылы тууралуу жазганын мисал келтирип, сөздү башкага бурдум. Тема ишкердик, жаш кезден кантип бизнес ачуу мүмкүндүгү боюнча, бирок мектеп окуучусу «менин айылыма болгон сагынычты» билгиси келет.

Менден мурда жаңы бизнес түптөп, ийгиликтүү иш алып барып жаткан 21 жаштагы жигит сүйлөгөн. Өзү Орусияда билим алып, Жалал-Абадка алгачкы муз тебүүчү аянтча курганга жетишкен. Сөз арасында чамасы 8-9-класстагы бала суроо узатты. «Сиз ушул муз тебүүчү аянтты куруптурсуз. Ачылышында акысыз кылдыңыз беле же?..» Акысыз болбогонун угуп, кайра «Мейли, акысыз болбосо, бир аз болсо да окуучулар үчүн арзандаттыңызбы? Анан балдар көп бардыбы?» – деп суроосун жыйынтыктады. Көз карашы өткүр, сүйлөгөнү так, микрофонсуз эле бийик жана эч кандай тартынуу байкалбайт. Баарыбыз күлдүк. Мындай суроолорду жаш балдардын бергени кадыресе көрүнүш эмеспи. Жаш ишкер да бул боюнча ойлонбогонун айтып, кийинкилеринде сөзсүз эске аларын кошумчалады. Ансыз да ушул жашта чоң тобокелчиликке барып, мурда болуп көрбөгөн бизнести ачканы көңүл жылытат. Пайдадан мурда элдин керегине жарай турган бизнес экендигин жана эгер кандай гана иш болбосун калктын муктаждыгын жоюу үчүн ачылса, сөзсүз түрдө кирешелүү болоруна ишенгендигин айтты. Коомубузда мындай ой жүгүрткөн жаш ишкерлердин пайда болуп жатканы кубантат. Ошол бойдон жыйын бүтүп, баарыбыз келген жерибизге тарадык. Күнүмдүк иштер менен бул көз ирмемдерди мектептен алыстаганда эле унуткам.

Бирок кеп башкада… Кечээ «18-декабрь – Мигранттар күнү» белгиленгенин билип, социалдык тармактарга дүйнөнүн чар тарабында оокат кылып жүргөн мусапыр мекендештерибиздин «эскерүүлөрүн» окуп калдым. Алардын ичинен көп жылдар бою Казакстанда эмгектенген апа-эжелердин жазган окуяларын окуп, мына ошондо дагы бир ирет жүрөгүм эзилди. Бардык окуялар күлкүлүү жазылган, бирок анын артында билинбеген ый-армандар катылуу. Бир дагы эркектин четте көргөн «бактылуу» күндөрүн жазганын көрбөдүм, баары асылзат аялзаты. Илгертен эле эркектин орду эшикте, талаа иштерине эркек жооптуу; ал эми үй иштерине аял кам көрөт деп келбейбизби. Андыктан эркектин талаалалаганы көнүмүш көрүнүш. Бирок аялдын талаалаганы башка. Кайсы бир улуу кишинин «Көпчүлүк адамдар жакшы күндөрдү келечектен издешет. А силер жакшы күндөрдү өтмүштөн көрөсүңөр» дегенин окугам. Бул сөз ушул талаалап жүргөн мээрман энелер үчүн айтылган бейм. Кандай гана кыйынчылык күндөрдү кечирбесин, баары жагымдуу эскеришүүдө. Ооба, ал күндөрдүн орду башка, бирок алардын кубанычы келечек балдары үчүн кылган эмгеги себептүү. Кырчындай өмүрүн, андагы балалык-жаштык кездерин балдарынын татыктуу билим алуусуна, жыргал жашоосуна курман кылышууда. Көп сөздүн кереги жок, буга Астанада эмгектенип жүргөн эжекенин жазган төмөндөгү төрт сап ыры жетиштүү…

Жаштыгымдын баарын алды Астана,

Ызгаар суугу белек кылды ооруну.

Жыйырма жыл өтүп кетти билинбей,

Бирок мага, карыганым билинди.

Ыйлап жүрүп тапкан акчам мынакей,

Карыганда аптекадан ашпады…

Дагы бир эже-сиңдинин жазышканы мындан да кейиштүү: «Биздин жаштык да мигрант болуп өттү го…», – деп капа болсом, сиңдим – «Сиздин го жаштыгыңыз өтүптүр, менин балалыгым да мигрант болуп өттү…» – деп башын чайкайт.

«Алматыда нечен кызыктар өттү. Кызыл шапкечендер батирди текшерип келип калды, үч эже 2-кабаттын балконунан секирип качышты. Мелисаларды көргөндө, көгөн чаккандай качасың го чиркин. Колу-бутуң сынат деген ой келбейт андайда…» Талаалап жүргөн кыз-келиндердин, эже-апалардын абалын сүрөттөөгө мындан артык дагы не керек?!! Ооба, мындан өткөн азаптуу учурлар бар экендигинен күмөнүм жок. Болбой эле койсун! Акыл-эси ордунда, парасаттуу кишиге ушул жетиштүү чыгар. Бул да жетишпесе, Айтматовдун «маңкурту» арабызда тирүү деп билели.

Жогоруда окуучулар менен жолугуп, андагы жаш балдардын берген суроолорун айткам. Аларга жооп берип жатып, жан дүйнөм эңшерилгенин да белгилегем. Жүрөгүм канады, анткени ал балдардын суроолорунда сагыныч катылган болчу. Адатта уузга тойгон бала мындай суроо бербейт. Байкуш бала ата-энесинен алыс калып, башка балдардай муз тепкени барбай калганына өкүнүп жаткан чыгар. Кирүү акысыз же арзандатылган баада болгонун билсе, өзгөлөрдөн кем калбай ал да муз тепкени бармак беле. Чүнчүп турган беркиси… Эгер мен Баткенимди сагынып тез-тез каттап турганымды билип, жыл айланса да балдарынан кабар албаган ата-энесине салыштырдыбы. Бардык ата-эне алыста жүргөндө балдарын сагынганын айтышат. Эгер андай болсо, неге анын апасы кабар алып келбейт?.. Бул суроолор канчалаган ымыркай-балапандардын жүрөгүн өйүп келет. Апа байкуш балдарынын келечеги үчүн талаалап жүргөнүн балдары аңдай билишсе кана. Жаркын келечек үчүн апалар сагынычты да эчак эле курмандыкка чалып ийишкен. Баары балдар үчүн. Арадан жылдар өтөт, жогоруда айтылгандай эле бүгүнкү талаалаган апалар бактылуу көз ирмемдерди бүгүнкү кыйынчылык күндөрдөн көрөт. Мен буга толук ишенем, анткени алардын учурдагы сепкен уруктар келечекте мол түшүм берет. Балдар да жылдан жылга зирек өсүп, жашоого тез бышып келет. Миңден бир эски тонду жамынгысы келген жаштар болбосо, жалпысынан алдыга умтулганы көп.

Китептерден окуган сөздөр менен жыйынтыктайм:

Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү үчүн ар бир жаран колунан келишинче бүгүнкү күн үчүн эмес, эртеңки күн үчүн пландуу жашоосу керек. Келечекти куруу аябагандай кыйын – кайрат, сабыр, күч, билим талап кылган иш. Биз бүгүнкү кыйынчылыктардын баарына ыраазы болуп кадам таштаган болсок, жемишин ондогон-жүздөгөн жылдарда бериши мүмкүн. Ар бир кечигип таштаган кадамдарыбыз бизди ондогон-жүздөгөн жылдар артка тартышы да турган чындык.

 

Аззамбек Жээнбай уулу

Copyright © 2017 Maral FM