Биз менен байланышыңыз

Мурас-Ордодогу мектеп кийинки жылы бүткөрүлөт

Пикирлер | 21 Дек 2018 | 914 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов “Марал” радиосуна берген маегинде быйыл райондун экономикалык көрсөткүчү жакшы болбой калганын, ага киреше салыгындагы жетишпестиктер себеп болгонун билдирди.

Анын айтымында, район боюнча социалдык маселелер чечилип жатат. Бирок мектеп жана бала бакчалар дагы эле жетишпейт.

«Аша чапкан көйгөй деле жок. 21 мектеп бар, ошентсе да жетишпейт. Быйыл мектеп да, бал бакча да салынган жок. 2019-жылы Салык кызматынын күйүп кеткен имаратынын ордуна жана Ак-Босого конушуна жаңы мектеп салуу планы бар. Аталган конушка курулчу мектептин техникалык документтери бүтүп, титулдук тизмеге киргизилген. Бирок азырынча тизме бекитиле элек. Бул маселе 1-2 айдын ичинде чечилет», — дейт Султанов.

Маалым болгондой, Мурас-Ордо конушундагы мектептин курулушу кийинки жылы бүткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM