Биз менен байланышыңыз

Америка Сириядагы аскерлерин мекенине кайтара баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 587 | 0

Америка Сириядагы 2 миңге чамалуу аскерин артка кайтара баштады. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги жарыялады.

АКШ төрт жылдан бери Сириядагы ИШИМ террордук тобу менен күрөш жүргүзүү жүйөсү менен эки миңден ашуун аскерин өлкөгө киргизген. Расмий Дамасктын нааразылыгына карабай ар турдүү аскердик иш аракетин жургузүп келди. Эми болсо президент Дональд Трамп ИШИМ террордук тобун жеңгенин жарыяласа, Пентагон алар менен согушубуз уланат деп билдирүүдө.

АКШнын полигондон чыгып кеүүсү Сириянын дээрлик чейрек бөлүгүн ээлеп турган Сирия демократиялык күчтөрү (СДК) партиясы үчүн опурталдуу болору бышык. Анткени аймактагы Күрд куралдуу күчтөрүнүн жардамы менен жашаган партия узак убакыттан бери Американын колдоосунда өз ишин жургүзүп келген.

Бирок бул партияны Туркия өлкөдө террордук деп саналган РКК күрд партиясынын шериги катары карап, жок кылууга аракет кылып келген. Болгону АКШ менен каршылашып калбоо үчүн этият кадам таштачу. Эми Америка куралдуу күчтөрү аймактан чыкса Анкаранын басымы күрд топторуна күчөп кетүүсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM