Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: журналисттер — өзүнчө оппозиция

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 681 | 0

Бийликке оппозиция керек. Мындай пикирин Сооронбай Жээнбеков басма-сөз жыйынында билдирди. Анда ал оппозиция мыйзам боюнча иш алып барып, кемчиликтерди айтып туруусу зарыл экенин белгиледи.

-Азыр бизде оппозиция көп. ММК – өзүнчө оппозиция. Алардан өткөн оппозиция жок. Ошондой эле жакшы партиялар, жарандык коом бар. Бийликти түздөп тура турган сунуштарды берип келишет,-деди.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден бери алгачкы жолу маалымат жыйынын берди.

Copyright © 2017 Maral FM