Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков ким менен кеңешет? Президенттин жообу

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 1468 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык чечимдерди өзү кабыл алат. Мындай пикирин ал маалымат жыйында “Марал” радиосунун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Президент эл, ММК өкүлдөрү жана мурдагы жетекчилер менен жолукканда ар кандай сунуштарды укканын, кеңештерин кабыл алганын билдирди.

-Бирок маселе канчалык оор болбосун, баарын өзүм чечем. Анткени буга мен өзүм жалгыз жооп берем. Кудайдан сурайм, мени адаштырба деп тилейм,-деди мамлекет башчы.

Copyright © 2017 Maral FM