Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Мамлекетти санариптештирүүдөн акча аябайбыз

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 553 | 0

Кыргызстан алдыдагы беш жылда региондо санариптешүүдө лидер өлкө болушу керек. Мындай билдирүүсүн президент Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып жарыялады.

Анын айтымында анын алдыга койгон максаттарынын бары санариптештирүүгө байланыштуу. «Коопсуз шаар», «Санариптик экономика», «Аймактарды өнүктүрүү» программаларынын саясаттын ачык-айкындуулугун, иштердин мобилдүүлүгүн жана коррупциянын жоюлуусун шарттайт.

«Буларды технологиялык жактан камсыздоо үчүн мамлекеттик технология жана байланыш комитети түзүлгөн. Аталган максаттарыбызга жетүү үчүн акча каражаттарын аябайбыз»,-деп билдирди.

Ошондой эле ал бул тармакта Кыргызстан алдыдагы беш жылда региондогу лидер өлкө болууга аракет кыларын, муну өзү жеке көзөмөлүнө аларын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM