Биз менен байланышыңыз

«Партиялар катарын тазалап, тизмелерине маани бериши керек»

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 484 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйынында алдыдагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде өтүшү керектигин айтып, бардык партиялардын шайлоого катышуусуна бирдей шарт түзүлүшү зарыл экенин билдирди.

«Азыр шайлоо кодексин өзгөртүү боюнча иштеп жатабыз. Бул шайлоонун айкын өтүшүнө шарт түзөт. Мындан сырткары партиялар дагы катарын тазалашы керек. Тизмелерине маани беришсе, анткени парламенттин сапаты тизмедегилерден көз каранды. Кыргызстанда парламенттик мамлекет түптөйбүз», — дейт президент.

Ал мындан сырткары, тышкы саясатта саясий маселелер көп сүйлөшүлөрүн, ошону менен катар экономикалык, коммуникациялык, темир жол куруу долбоорлор боюнча дагы талкуулар болорун айтты. Өнөктөштөр түрдүү форматта кыматташууга даяр экенин билдирди

Өлкө башчы буга кошумча, өткөрмө бекеттерин, лабораторияларды ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү багытында иш-аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM