Биз менен байланышыңыз

«Асылбек Жээнбековдун мыйзамсыз аракети тууралуу факты болсо каралат»

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 1306 | 0

Асылбек Жээнбековдун бийликке аралашып жатканы же мыйзамсыз аракеттери тууралуу факты болсо каралат. Мындай пикирин депутаттын агасы, президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анда ал Матраимов тууралуу да айтып, анын үйү мурдагы президенттин учурунда салынганын, ал текшерүүгө алынарын айтты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тийиштиги бар деп айтылып жүргөн “Апрель” каналынын суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөргө токтолду.

— Факты болсо мен баарын текшерем. Тартып, так маалымат берсеңер карайбыз. Матраимовдун үйү силерге суроону даярдап жөнөткөн адамдын учурунда курулган. Ал үчүн мени күнөөлөгөн болбойт. Алар менин убагымда курулган жок,-деди мамлекет башчы.

Сөзүнүн уландысында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйү текшерүүгө алына турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM