Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Раимбек Матраимов тууралуу пикирин билдирди

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 826 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйынында Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов боюнча пикирин билдирди. Анда мамлекет башчы 8 жылдан бери ал тууралуу сөз болбой келгенине таң калды.

-Матраимов тууралуу 8 жылдан бери сөз болбой, болсо да көнүл бурулбай келген. Кийин эле мен кызматка келгенден кийин «Жээнбековдун жакыны» деп чыга калды. Ал азыр кызматта эмес да. Мен келгенге чейин иштеп жүргөн. Учурда соттошуп жүрөт. Өткөндө соттон утуп алыптыр. Аны да менден көрүшүп, жардам бергенимди айтып жатышат.

Президенттин айтышынча, Бир эле Раимбек Матраимов эмес жалпы эле Матраимовдор кандай гана шайлоо болбосун, КСДПга чын жүрөктөн иштеп келген. 2011-жылы өткөн президенттик шайлоодо да колдоп келишкен.

-Агасы Искендер Матраимов да партияга мүчө да. 2012-жылы иниси Кара-Суу районуна аким болду. Ошондон бери келатат.  Ал эми Раимбек Матраимов Ош бажыда иштеп келди. Кийин ошол кездеги бийлик өздөрү Бишкекке алып келген. Мен ушуга таң калам. Ким сүйлөсө да, алар аппак, бир эле Жээнбеков жаман болуп атат.

Жээнбековдун белгилешинче, коррупцияга каршы күрөш боюнча алдыда али көп нерсе чыгат.

-Менде “жакын-алыс, тегерегимде иштейт, боору ооруйт” деген болбойт. Кандай чиновник ким болбосун, баарына бирдей болот. Бажы боюнча жалпы 32 кызматкерге иш козголду. Алардын тогузу убактылуу кармоочу жайда.

Мамлекет башчы Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов менен жакын болуп келгенин, ага карабастан аны Бакуда кармап, Кыргызстанга алып келе жатышканын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM