Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Бабановго кызмат убадалаган эмес

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 710 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда Өмүрбек Бабановго эч кандай кызмат убадалабаганын айтты.

Анын белгилешинче, ал Бабановду шайлоо өнөктүгү учурунда КТРК уюштурган дебаттарда көргөн бойдон жолуга элек. Экс-президент Алмазбек Атамбаев аны менен кандай сүйлөшкөнү, эмнелерди убадалаганын билбейт.

«Мен Атамбаевдин айтканы боюнча эмес, өзүмүн программамын негизинде иш алып барам»,-деди.

Ал эми «Өзүн президенттикке алып келген Атамбаевди сатты, саткын», деген айыптоолор тууралуу:

«Мен президент болоордо бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп убада берген эмесмин. Мен кыргыз элинин кызыкчылыгын коргойм деп сөз бергем. Бир адам үчүн «саткын» аталууга ыраазымын. Элдин кызыкчылыгын саткан саткын болуудан Кудай мени сактасын»,-деди.

Ошондой эле ал катардагы карапайым элдин катарынан чыкканын, дыйкан менен сугатчынын, мугалим менен малчынын маселесин жакшы билерин жана алардын жашоосун көтөрүү үчүн күрөшөрүн эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM