Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: «КСДП Атамбаевсиз» кыймылына менин эч кандай тиешем жок

Без рубрики , Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 718 | 0

«КСДП Атамбаевсиз» кыймылына менин эч кандай тиешем жок»,-деди президент Жээнбеков бүгүнкү маалымат жыйынында.

«Мен бул партиянын жөнөкөй эле катардагы мүчөсү эмесмин. Анын ысык-суугуна күйүп, оор күндөрүндө башында турган адаммын. Бир кездеги алдынкы, ийгиликтүү КСДП нын бугункү аянычтуу абалына менин да ичим күйүүдө. Себеи жаштыгыбыз, өмүрүбуз бул партияда өттү «,-деди ал.

Ошондой эле партиянын азыркы учурдагы саясатына жана анын тегерегиндеги ызы-чууларга анын эч кандай катышы жоктугун айткан Жээнбеков, ал президенттик кызматка киришкенден тарта партияга мүчөлүгүн токтотконун эскертти.

 

Copyright © 2017 Maral FM