Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: 2018-жылдын саясаты көп болду

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 616 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекетттик резиденциясында журналисттерге маалымат жыйын берип жатат. Анда президент узап бара жаткан жыл жакшы болгонун, бирок саясаты да көп болгонун белгиледи. Анда өлкөнүн 3 бутагы биригип, мамлекеттин келечеги үчүн чоң иштерди баштаганын белгиледи.

Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп кошуна мамлекеттер менен дагы жакын боло алдык. Көп маселени чечип, бардык деңгээлде кызматташа баштадык. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Түрк тилдүү мамлекеттердин жыйыны жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өткөнүн да кошумчалады.

-Бизди сүйүнткөнү, бизнестик рейтингде 77-орундан 70ке көтөрүлдү. 

Кыргызстанда миграция күч алып, аймактардагылар Орусия, Казакстан, Чүйгө кетип жатканын айтты. Аймакта жумуш орундарын түзүүгө механизм болбой, көнүл бурулбай келгенин белгиледи. Бул көйгөйгө маани берилип, бардык мамлекеттик кызматтардын көңүлүн аймакка бурду.

-Кыргызстанда жердин астында да үстүндө да суу бар, бирок ичүүчү таза суу жок. Ал болбосо, экономика, саламаттык болбойт. 

Мамлекет башчынын айтымында, соттук реформаларга да аракеттер көрүлүп жатат. Санариптештирүү боюнча да иштер башталды.  12 жылдан бери чечилбей келген Коопсуз шаар долбоорун башталганын баса белгиледи.

-Ишкерлерге шарт түзүү, дотациядагы айылдарга шарт түзүү иштери да башталды. 2018-жылы ММК өкүлдөрү, жарандык коом, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчылары, донорлор менен жолукканын, эл арасында да жакшы сунуштар, ойлор айтылып жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM