Биз менен байланышыңыз

«Штабдын каражаттары боюнча Фарид Ниязов жооп бериши керек»

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 668 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен болгон жолугушууда президенттик шайлоодо коротулган каражаттар тууралуу Фарид Ниязов жооп бериши керектигин билдирди.

Өлкө башчы президенттик шайлоо убагында өз арызынын негизинде премьер-министрлик кызматтан кеткенин, үгүт маалында аймактарда шайлоочулар менен жолугуп жүргөнүн айтты.

«Шайлоо маалында Бишкекке интервью бергени, дебат үчүн келип жаттым. Шайлоо штабына Чүйдү кыдырып жүргөндө келдим. Кейигеним, партияга кызмат кылган жөнөкөй балдарды саясатка аралаштырып жатышат. Алсак, Надира Сатыгул кызын 1996-жылдан бери билем», — дейт Жээнбеков.

Президент буга кошумча Надира Сатыгул кызынын Кыргызстанга келип сурак беришине, анын өмүрүнүн коопсуздугуна кызыктар экенин белгиледи.

«Анын өмүрүнө коркунуч келип жатса, Кыргызстанга келсин. Мен анын өмүрүнө коркунуч келтирген жокмун, ага кызыктар эмесмин. Тополоң кылып, кайра бийликке келүүсүнө жол бербейм. Мага өлкөнүн келечеги баарынан кымбат турат. Бул боюнча иликтөө иштер жүрүп жатат», — дейт өлкө башчы.

Белгилей кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы быйыл ноябрь айында өлкөдөн чыгып кеткен. Надира Сатыгул кызы коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлдөрү ырасташкан.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов былтыр шайлоо убагында Жээнбековдун штабы 1 млрд 170 млн сом жана 6 млн доллардан ашык иштеткенин жазып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM