Биз менен байланышыңыз

Калилов күбө катары атайын кызматка сурак берди

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 946 | 0

Мурунку Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте күбө катары сурак берди. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрдагы координациялык кеңеште УКМКнын Коррупция менен күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаилов билдирди.

Эскерте кетсек, 5-декабрь күнү 50 миң доллар алып жаткан жеринен транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев кармалган. Акча жол куруу үчүн жарыяланган тендерден керектүү жыйынтык чыгаруу үчүн берилген.

Ошол кездеги министр Жамшитбек Калиловдун орун басарынын коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин билгенин, бирок буга далили жок болуп келгенин айткан.

15-декабрда Калилов кызматынан кетүү боюнча арыз берип, анын негизинде президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койгон.

Ал эми Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп Жеңиш Ногойбаев дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM