Кытай эч качан башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын тебелөөнүн негизинде өнүгүүнү көздөбөйт. Мындай пикирин Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин Өнүгүү жана ачык-айкындуулук реформасынын 40 жылдыгында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында Кытай канча өнүксө дагы башка өлкөлөргө коркунуч жаратып, гегемонияга барбайт. Коргонуу саясатында чабуулчу эмес, ар дайым коргонуучу позициясын карманарын да кошумчалады.
Ошону менен бирге эле Кытай өзүнүн мыйзамдуу укуктарынан да баш тартпай, өз кызыкчылыгын коргой турганын билдирген Си Цзиньпин:
«Алдыга карай өнүгүүдө ар дайым тынчтык, орток пайданы көздөө жана кызматташтык принциптерин жогору коюубуз зарыл. Дүйнөдө ынтымакта өнүгүүнүн сый-урматка, достукка негизделген жаңы моделин түзөбүз»,-деди.
Эске салсак, Кытай Өнүгүү жана ачык-айкындуулук реформасынын аркасында салыштырмалуу кыска убакыт ичинде кедей агрардык өлкөдөн дүйнөдөгү эң күчтүү экинчи экономикага ээ өлкөгө айлана алды. Реформанын кырк жылдыгын бүгүн Пекин өзгөчө салтанат менен белгилөөдө.