Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 582 | 0

18-19-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3° сууктан +2° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Copyright © 2017 Maral FM