Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Миграция кызматынын бюджетин жана укуктарын кеңейтүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2018 | 808 | 0

“Замандаш” коомдук фондунун төрагасы Жеңиш Молдокматов “Марал” радиосуна берген маегинде Миграция кызматы мекендештерге колдоо көрсөтүүгө физикалык, каржы жактан да мүмкүнчүлүгү жетишпей турганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын эмгекке жарамдуу 1,5 млн калкынын 1 миллионго жакыны Орусияда. Ал мекендештердин 70% жогорку билим алган эмес. Миграция кызматындагы 3 юрист алардын баарына жардам көрсөтүүгө жетишпейт. Мындан улам Миграция кызматынын штаттык санын көбөйтүп, бюджетин жана укуктарын кеңейтүү зарыл.

«Өлкө экономикасынын үчтөн бирин көтөрүп берген мигранттарга жакшы мамиле болушу керек. Президентке караштуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жакшы иштеп кетет деп үмүт артуудабыз. Себеби буга чейин өкмөттүн алдында түзүлгөн кеңештер премьер-министр алмашкан сайын үзгүлтүккө учурап келген. Президентке караштуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин ар бир мүчөсүндө чоң жоопкерчилик турат. Президенттин алдына келгенде аны мактап ага жагалданып укмуш сөз айткандан алыс болуп, калыстык үчүн иштеп, чындыкты айтышыбыз керек»,— дейт Молдокматов.

Ал буга кошумча, тышкы жана ички миграция өнүгүп жатканын айтып, ага маани бере турган мезгил келгенин билдирди.

Белгилей кетсек, 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү. 1990-жылы БУУнун башкы ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Ал эми 2000-жылы эл аралык мигранттын майрамы негизделип, жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтомго кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM