Биз менен байланышыңыз

АКШ Дубайда «талибандар» менен жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 579 | 0

Бүгүн АКШнын бийлик өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарында радикал «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу талибандардын маалымат катчысы Забиулла Мужахид өзүнүн Твиттер баракчасынан жарыялаган.

Мужахиддин билдиришинче сүйлөшүүгө Сауд Аравиясынын жана Пакистандын бийлик өкүлдөрү да катышышат. Бирок жолугушуунун так дареги жана каралчу маселенин темасы айтылган жок.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Афганистан боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Залмай Халилзад буга чейин да бир нече жолу радикал топтун Катардагы офисине келип, өкүлдөрү менен жолугушкан. Бирок, Афганистан АКШ тарап уюштуруп жаткан бул жолугушуулардан шектенип жатканын билдирди. Анткени Афганистан маселеси каралат делгени менен аны сүйлөшүүлөргө чакырган эмес.

«Америка Афганистандагы талибандар жүргүзүп жаткан согуштун токтоосуна кызыкдар эмес» деген пикир жайылууда.

Эске салсак, Афган өкмөттүк күчтөрү менен радикал «Талибан» согушкерлдеринин ортосундагы согуш 1994-жылдан бери уланып келет. «Талибан» кыймылы 1996-2001-жылдары Афганистандагы бийликти басып алып, башкарып турган. Кийин Орусиянын колдоосу менен «Түндүк альянс» тобу террордук бийликти кулаткан. Талибандар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөсүндө террористтик топ деп таанылып, ишмердигине тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM