Биз менен байланышыңыз

Бельгияда «сары кемселчендер» митинги күч алды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 581 | 0

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде нааразылык акциясына чыккан жарандардын катары өсүүдө. Дем алыш күнү алар 5500 кишиге жетишти.

Брюсселдеги митингди уюштурган ашкере оңчул «Vlaams Belang» партиясы экени маалым болду. Мындан тышкары кээ бир улутчул, сепаратисттик топтор да катышууда.

Митингчилер БУУнун 196 мүчөсү кол койгон «миграциялык пактка» каршы чыгышууда. Алардын пикиринде бул мыйзам буга чейин Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн агылган мигранттардын санын көбөйтөт.

Бирок, БУУнун маалыматына ылайык аталган пакт юридикалык милдеттенме бербейт, болгону миграция жолдорун жеңилдетип, ачык-айкын кылат.

Акциянын катышуучулары миграция жана Ислам динине каршы лозунгдарды көтөрүп чыгып, башаламандыктарга барышты. Милиция аларга каршы суу чачкыч жана көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду.

Эске салсак, «сары кемселчендер» митинги Бельгиядан башка Франция жана Венгрияда да өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM