Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Өкмөттүн системасын 180 градуска өзгөртүү зарыл

Пикирлер | 17 Дек 2018 | 842 | 0

Аймактарды өнүктүрүү жылында жакшы жылыштар болгон жок. Губернатор, акимдерди жоюш керек болчу. Ага эрк жетпей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өнүгүүгө аракеттер жасалып жатканы менен эл жон териси менен сезе турган жылыш болгон эмес. 2018-жыл маданий иш-чараларга бай, жакшы жыл болгон. Бирок экономикалык жылыштар көп байкалган жок. Өкмөттүн системасынын эскилиги жеткен. Мындан улам реформага баруу зарыл. Бирок ага көп тоскоолдуктар болуп, эрк жетпей жатат.

«Реформага барууга өкмөттүн акылы жетсе да эрки жетпей жатат. Өкмөттүн системасын 180 градуска өзгөртүү зарыл. Жаңы багыт менен иштеши керек. Биз СССРдеги системадан арыла албай жатабыз. Учурдагы системада эки ортодо калдык. «Мамлекттен айлык алып эч нерсе иш кылбайм» дегендердин заманы бүтүшү керек. Өнүгүүгө убакыт аздык кылды деген туура эмес. Анткени Армениянын премьер-министри 100 күндө жыйынтык бергендей иш жасады», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү буга кошумча, өлкөдө 30га жакын өкмөт алмашканын жана баары аракет кылган жок дегенден алыс болуу зарыл экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM