Биз менен байланышыңыз

Багдад Анкарага нота жиберди

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 720 | 0

Ирактын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Ирактагы элчиси Фатих Йылдызды өзүнө чакыртып, ага Анкарага багытталган нотасын берди. Бул тууралуу Би-Би-Си турк кызматы жазды.

Нотада Түрк аба күчтөрүнүн учактары Ирактын аба майданын уруксатсыз бузуп кирип, күрд террорчуларына чабуул шылтоосу менен өлкөнүн тундук аймактарында бир катар мал жана турак-жайга зыян тийгизгенин эскерткен.

Багдаддын нотасына Анкара азырынча жооп бере элек.

Бул аптанын башында түрк куралдуу күчтөрү РКК террордук тобунун Тундук Ирактагы бир нече «уюгуна» бомба таштап, жок кылганын билдирген болчу.

Эске салсак, Түркиядагы күрддөрдөн куралган, өлкөдө террордук деп таанылган РКК партиясы менен күрөш узак жылдардан бери уланып келет. Анкара бул топко Түндук Ирактагы Күрд автономиялык облусу жардам берүүдө деп айыптайт.

Copyright © 2017 Maral FM