Биз менен байланышыңыз

АКШ Кыргызстан менен кайрадан кызматташууну каалайт

Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 693 | 0

АКШ Кыргызстан менен көп багыттуу экономикалык кызматташтыкка кызыкдар. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун жолугушуусунда айтылды. Сүйлөшүүгө элчиден сырткары USAID уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Гэри Линден жана Улуттук коопсуздук кызматынын Орто Аия боюнча өкүлү Эрик Руденшольд катышышкан.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу  соода жана инвестиция тармагындагы кызматташуунун келечеги, дармети тууралуу талкуулап, кыргыз-америкалык бизнестин өнүгүүсүнө жаңы шарттарды түзүүнү пландашты.

Эске салсак, эки өлкө ортосунда 1993-жылы кол коюлган кызматташтык келишимин 2015-жылы Кыргызстан бир тараптуу жокко чыгарган. Буга 2010-жылда Ош коогалаңында сепаратисттик иш-аракети үчүн айыпталып кармалган Азимжан Аскаровко Вашингтон беделдүү эл аралык сыйлыкты ыйгарганы себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM