Биз менен байланышыңыз

Азимжан Аскаровдун соту 6-апрелге жылды

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 571 | 0

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Сотто каралып баштаган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши 6-апрелге жылды. Кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен, прокурорлор иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиргени буга себеп болду. Аскаровдун кассациялык арызынан тышкары адвокаттары кошумча арыз берген. Айыптоочу тарап ал арыз менен тааныша электигин айтып, убакыт сурады.

Кассациялык арыз Чүй облустук сотунун 2016-жылы 29-январда чыгарган чечимине карата берилген. 2016-жылы 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайларды карап, 2010-жылкы Базар-Коргон райондук сотунун «өмүр бою эркинен ажыратылсын» деп чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган.

Жалал-Абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштуруучулардын бири катары айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Бүгүнкү соттук отурумга Аскаровдун байбичеси жана уулу катышты.

Copyright © 2017 Maral FM