Биз менен байланышыңыз

БШК Жогорку Сотко кассациялык даттанууну кайрадан жиберди

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 252 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык административдик сотунун 2-ноябрда талапкер Талант Мамытовдун талапкерлигин калыбына келтирүү жөнүндө чечимине даттанган өтүнүчүн Жогорку Сотко кошумча өтүнмө менен кайрадан жиберди.

28-октябрда Бишкек шаардык административдик соту БШКнын 24-октябрдагы талапкер Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу жана «Ынтымак» саясий партиясынын тизмесинен алып салуу чечимин жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-октябрда Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кассациялык даттануу берген.

БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку Сотко кайрылды

Жогорку Сот 1-ноябрда кассациялык даттанууну кароо боюнча сот процессинин датасын жана убактысын 2-ноябрь саат 15:00гө дайындаган. Бирок айтылган күнү даттануу БШКга кайтарылып берилген. Себеп катары кассациялык даттанууга кол коюуда административдик-процессуалдык кодекстин 64-беренесинин 2-бөлүгү бузулганы, кол койгон өкүлдүн күбөлөндүмө ишеним катынын ырастыгын аныктоого мүмкүн эместиги, мындан улам  ал өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу далил катары кабыл алынбай турганы көрсөтүлгөн.

2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы соттун аныктамасы менен таанышып чыгып, кассациялык даттанууну өндүрүшкө кабыл алуу жана кароо жөнүндө өтүнүчү тиркелген арызды кайталап берди. Арызда БШК Жогорку Соттон бир катар жагдайларга көңүл бурууну өтүнгөн.

БШК маалымдагандай, кассациялык арызга кол койгон өкүл административдик-процессуалдык кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдерин сактаган. Тактап айтканда, өкүлгө берилген ишеним катка БШКнын төрайымы 2021-жылдын 12-февралында кол коюп, мөөрү менен күбөлөндүргөн. Дал ушул ишеним каттын көчүрмөсү кассациялык даттанууга кошо тиркелген. Бул ишеним катта М. Кутбердиев бардык соттук инстанцияларда БШКнын өкүлү катары иш жүргүзө алуу укугу берилгени тастыкталган.

Жогорку Сот Мамытовдун иши боюнча БШКнын даттануусун артка кайтарды (аудио)

Copyright © 2017 Maral FM