Биз менен байланышыңыз

Президент мыйзамсыз киргизилген унаалар боюнча тапшырма берди

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 776 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөгө мыйзамсыз киргизилген унаалар тууралуу пикирин айтты. Анда ал мындай аракетке жол бергени үчүн мамлекеттик органдардын ишин сынга алып, бирдиктүү терезени тез арада киргизүүнү тапшырды.

«Мындай жагымсыз көрүнүштөр жетекчилердин чабалдыгынан жана да ашыкча кагаз документтердин көптүгүнөн болууда»,-деди президент.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 111 унааны мыйзамсыз алып келип, документтерин жасалма жол менен жасап, сатып жүргөн кылмыштуу топ кармалган. Аларга көмөктөшкөн деген кине менен Каттоо кызматынын 2 кызматкери да камакка алынган болчу.

111 унааны мыйзамсыз ташып келген кылмыштуу топ кармалды

Copyright © 2017 Maral FM