Биз менен байланышыңыз

Маматбеков: Шамал энергиясын пайдалана албайбыз

Пикирлер | 13 Дек 2018 | 1032 | 0

КМШ мамлекттеринин эмгек сиңерген энергетиги Бекбо Маматбеков “Марал” радиосуна берген маегинде Кырызстанда электр энергия жетиштүү экенин билдирди.

Анын айтымында, Бишкек жылуулук борборунун кубаттуулуугу 300 мегаваттка көбөйгөн. Бирок аны дагы көбөйтүү зарыл. Анткени жалпысынан керектөөчүлөр жыл сайын 3-4 пайызга өсүүдө. Мындан сырткары ишканалар көбөйүп, көп кабаттуу үйлөр курулууда.

«Кыргызстан электр энергиясын импорттобойт. Азыр техникалык жоготуулар азайды. Тиричилик үчүн айына 700 кВт энергия жетиштүү. Шамал энергиясы кымбат. Анын 1 киловатты 16 сомду түзөт. Андыктан азыр шамал энергиясын пайдалана албайбыз. Эгер жарык менен жылуулук кымбаттай турган болсо, калктын аярлуу катмарына мамлекет жеңилдик бериш керек»,-дейт Маматбеков.

Ал буга кошумча энергетика тармагындагы коррупция жоюла электигин белгиледи.

«Энергетика — негизги тармак. Ал экономиканы өнүктүрүүгө таасир этет. Андыктан Энергетика министрлигин кайра алып келиш керек. Коррупцияны бир күндө жоё албайсың. Айлык акы менен иштегендер эч качан хан сарай кура албайт. Элдин акчасын уурдагандар камалышы шарт»,-дейт Маматбеков.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда электр энергиясын жети ГЭС жана эки жылуулук электр борбору өндүрөт. Анын ичинен ГЭСтер 3030 МВт кубаттуулуктагы энергияны өндүрсө, Бишкек жана Ош жылуулук борборлору кубаттуулугу 710 мегаваттын тегерегинде электр жарыгын чыгарат.

Copyright © 2017 Maral FM