Биз менен байланышыңыз

Орусия: Нарын дарыясына ГЭСти биз гана кура алабыз

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 1692 | 0

Орусия компаниялары Кыргызстанда 5 электростанция курулушун жандандырууга даяр. Бул тууралуу Орусия Президенттик Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Приходько билдирди.

Приходьконун айтымында, ишти баштоо үчүн Кыргызстан тарап адегенде бир нече талаптарды аткарууга тийиш. Маселен, 37 миллион доллар карыздын чечимин табышы керек.

Ошондой эле, 2016-жылы Кыргызстандын депутаттары бул маселени чечүү аракетин көрүшөрүн айтканын, бирок убада орундалбаганын эскерткен. Кийинчерээк «РусГидронун» карызын төлөп, электростанциянын ишин улантуу үчүн жаңы инвестор издөөгө киришкенин, бирок эч кандай жыйынтык болбогонун кошумчалаган.

Орусиялык серепчилердин пикиринде, Приходьконун бул билдирүүсү Орусия дале Кыргызстанга энергетикалык обьекттерди курууга кызыкдар экендигин ырастайт. Ошондой эле, Орусия бүгүнкү күндө дүйнөдөгү экономикалык абалга карабастан Нарын дарыясына инвестор болууга даяр жалгыз өлкө экендигин айтышкан. Андан тышкары, талдоочулар Кыргызстан акыркы эки жылдан бери Чехия, Кытай, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөгү компанияларды тартууга аракет кылганынан майнап чыкпай жатканын белгилешкен.

Бул макала кененирээк Орусия Гезити сайтында жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM