Биз менен байланышыңыз

Мэйге ишеним көрсөтпөө демилгеси добушка коюлду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 690 | 0

Англиянын премьер-министри Тереза Мэйге ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө маселеси акыркы кездери курч темага айланган болчу. Парламенттеги Мэйдин Консерваторлор партиясы өз ичинде муну добушка коюп, 317 депутаттын 200ү ага ишеним көрсөтсө, 117 киши ишенбесин билдирди. Ошентип көпчүлүк добуш менен Мэй партия лидери жана премьерлигин сактап калды.

Бул тууралуу Мэй: «Ишеним көрсөткөнү үчүн партиялаштарыма ыраазычылык билдирем. Бирок аз эмес сандагы депутаттар каршылыгын билдиришти, мен муну эске алам»,-деп жооп берди.

Эми партия лидерине ишеним көрсөтпөө демилгесин бир жыл бою эч ким көтөрүп чыга албайт. Тереза Мэй азырынча бийликте калат.

Эске салсак, Британиянын Евробиримдиктен чыгуу демилгесин көтөрүп, болгон күчүн жумшап жаткан Тереза Мэйдин ишине оппозиция эле эмес, өз партиясы да каршы чыгып жатышат. Анткени биримдиктен чыгуу Англия үчүн көптөгөн жоготууларга алып келери азыртадан эле белгилүү болуп калды. Жок эле дегенде айыппул катары биримдикке 39 миллиард евро төлөп чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM