Биз менен байланышыңыз

Айтматовду мыкты тааныткан элчилик сыйлыкка татыды

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 790 | 0

Катардын борбору Доха шаарында өткөн эл аралык китеп жарманкесинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын араб тилинде мыкты таанытып, уюштурганы үчүн Кыргызстандын Катардагы элчилиги атайын сыйлык менен сыйланды.

Элчиликтин билдиришинче сыйлыкты Катардын Маданият жана спорт министри Салах бин Ганим аль Али элчи Нуран Ниязалиевке тапшырган. Ал кыргыз консулдугуна жарманкеге жигердүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кошумчаласак, Доха китеп жарманкесинде Ч.Айтматовдун дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган чыгармалары көрсөтүлгөн. Араб тилиндеги чыгармаларынан окурмандардын эң көп кызыгуусун жаратканы»Жамийла», «Гүлсарат» жана «Биринчи мугалим» болгон.

Copyright © 2017 Maral FM