Биз менен байланышыңыз

Султанов: Инвесторлорду ажолордун ортосундагы мамиле кооптонтот

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Дек 2018 | 656 | 0

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Марат Султанов “Марал” радиосуна берген маегинде инвесторлор өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаедин ортосундагы мамилени сурашып, кооптонуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда экономиканын өсүү темпи 2% пайыздан кем. Бул көрсөткүч 4-4,5% болсо экономика жанданат. Ал үчүн дүйнөлүк ыкмалар колдонулушу зарыл.

«Алсак, бизнеске тоскоолдук, мыйзамдарда карама-каршылыктар болбошу керек. Бизнес болгон соң сөзсүз талаш-тартыштар орун алат. Андыктан адилетүү соттор ишкердиктин өнүгүшүнө чоң таасир берет. Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанга келген инвесторлор 30 пайызга чейин азайып кеткен. Биринчи жагы, чет өлкөлүк инвесторлор өлкөдөгү саясий туруктуулуктан ойлонуп калды. Алар үчүн саясий стабилдүүлүктүн жогору болгону жакшы»,-дейт Султанов.

Ал белгилегендей, чет элдик инвесторлорго Кыргызстан укуктук мамлекет түзүп жатканын айтып, аны иш жүзүндө көрсөтүү зарыл. Ошондо келген инвесторлордун саны өсөт.

«Биз кыргыз деген улуу элди сактап калып дүйнөгө таанымал кылалы десек, экономиканы көтөрүшүбүз керек. Эгер мыйзамдар туура иштесе, эффективдүү аткаруу бийлиги болсо анда экономика өсөт»,-дейт Султанов.

Copyright © 2017 Maral FM