Биз менен байланышыңыз

Жети атаңды билесиңби? (Айтматовдун туулган күнүнүн урматына)

Блог | 12 Дек 2018 | 2964 | 0

Биз жөнөкөйлүгү менен таанылган элбиз. Бирок билгенге ошол жөнөкөйлүгүндө улуулугу катылган кыргызбыз. Биз «Улууга урмат, кичүүгө ызаат кыла билген», «Карынын сөзүн капка ката билген» анан калса «Үйгө кирген жылаанга ак чачып узаткан» улуу элдин балдарыбыз. Чыңгыз деген ысым менен аалам эли бизди, кыргыздарды мыкты уул-кызы бар улут катары тааныйт. Айтматов кыргыздын жөнөкөй жашоосунан адамзаттык улуу ойлорду сууруп чыгып, ТЫНЧТЫКТЫН, АДАМ БОЛУУНУН үрөнүн сепкен дыйкан калемгер. Бүгүн дүйнө не бир заманбап өнүгүүлөргө ээ болгонуна карабай, кадимки жашоо философиясынын өзөгү АДАМ БАЛАСЫНЫН тынч күндөгү, адамча жашоосу менен бүтөрүн, аныкталарын, бааланарын журт жакшылары билет. Ошол себеп мен жазуучунун чыгармаларынан мурун мени укмуштуудай кызыктырган инсандык тарабын айткым келип турат.

Бүгүн УЛУУ ЖАЗУУЧУнун туулган күнү. Бүгүн таӊды Айтматов менен баштадым. Унаада жазуучунун кыска-кыска сөз берметтерин угуп келдим. Айткандарына кулак салдым. Муюдум… Улуулугуна баш ийдим… Кадимкидей муунум бошоп, көзүмө жаш алдым.

Бул Айтматов айткан сөз берметтерин топтолгон Ибрахим Түркхандын «КҮН САЙЫН АДАМ БОЛУУ» китебинен алынды, сиз муну сөзсүз окуӊуз.

— Мен шекерликмин. Ошол үчүн жакшы кааданы алигиче урматтаймын. Менин атам Төрөкул, Төрөкулдун атасы Айтмат, Айтматтын атасы Кимбилди, Кимбилдинин атасы Кончужок… ушинтип  олтуруп биздин тукумдун башы- Шекердин өзүнө чейин берүүгө болот. Атамдын жана чоӊ атамдын туугандары: Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул-булар да менин бабаларымдын катарына кирет. Мындай карасаӊ бул жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоӊ. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам мен алардын ар биринин ысымдарын тереӊимде ызааттайм жана сыймыктанам. Бул өзүбүздөн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди, кийинки муундарды милдеттендирет.

Ооба, тууган жер, Ата Мекен ар адамдын тагдырын курайт. Тек андан бардык алганыӊды көӊүлдүн элегинен өткөзүп, бал жыйнаган аарылардай жүрөгүнө туя билүү – парз.

Карыялардын башы кошулган жерде балдардын тилин кызык көрүп: «Кана, жети атасын ким жаӊылбай санап берет?»-дешсе, ойноок балдар дароо салабаттуу боло калышып, биринен сала бири аталарынын ысымын шыдырата башташат. Байкабай бир атаӊдан жаӊылып кетсеӊ, Кудай сактасын… Кийин ойлосом, карыялардын ушинтип сураганында тереӊ маани бар экен. Ата-тегиӊди унутпай, жети атаӊды биле жүрүү, жакын менен жатты айрып таануунун өзүндө өзгөчө маани бар экенин кийин гана баамдадым. Ырас, жети атасын билбеген жетесиздик. Муну билбесе алы менен жакынды айрый албайт…

Залкар жазуучу жогорудагы ойлору менен ЖЕТИ АТАСЫН билбегенди кыргыз «кул» деп айтчу эле деп эскертти. Анан атынан «Кылым карытар бир күн» чыгармасындагы Найман эненин уулу Жоламандын образы менен МАⱧКУРТ деген жаӊы терминди, жаны түшүнүктү, башка тилге которулбай турган жаӊы сыпаттаманы, аныктаманы калтырып кетти.

Ал эми биз Айтматовдун чыгармаларындагы Дүйшөнбүзбү? Казангапбызбы? Толгонайбызбы? Сейдебизби? Жамийлабызбы? Танабайбызбы? Алтынайбызбы? Бостонбузбу? Жок дегенде жаныбар болсо да укмуштуу образ менен таанылган Гүлсары, Акбара, Ташчайнаарбызбы?..

Же… Маӊкуртпузбу?.. Мына ушул мени ойго салат.

 

Журналист: Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM