Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда алкоголго тыюу салынат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 637 | 0

Түркмөнстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта «Алкоголдун зыяндуу таасиринин алдын алуу» мыйзамы күчүнө кирет. Бул тууралуу «Хроника Туркменистана» басылмасы кабарлады.

Жаңы мыйзам этап-этабы менен 2019-жылдын 1-январынан тарта 2021-жылдын 1-январына чейин ишке ашат. Ага ылайык алкоголдук ичимдикти сатуу жана колдонуу боюнча бир катар эрежелер киргизилген. Алар төмөнкүлөр:

-алкоголдук ичимдиктерди иш күндөрү саат 10:00-20:00 арасында гана сатып алууга болот. Дем алыш жана майрам күндөрү сатып алууга жана сатууга тыюу салынат;

-21 жашка чейинки жарандарга алкоголодук ичимдик сатууга тыюу салынат;

-алкоголду интернет жана башка телекоммуникация каражаттары аркылуу сатууга тыюу салынат;

-алкоголдук ичимдикти окуу, маданий, спорттук, ден соолукту чыңдоочу жана аскердик жайларда сатуу жана колдонууга тыюу салынат;

-аны поезд, кеме жана учакта сатууга жана ичүүгө тыюу салынат.

Мындан сырткары 2019-жылдын жарымынан тарта алкоголдук ичимдиктин идишине кара тамга менен «Алкоголдук ичимдик ден соолугуңузга зыяндуу» деген жазуу болушу шарт.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын декабрынан тарта Түркмөнстанда алкогол менен тамекиге акциздин салыктын наркы да көтөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM