Биз менен байланышыңыз

Султанов: Саясаттан көңүлүм калды

Пикирлер | 12 Дек 2018 | 911 | 0

Саясаттан көңүлүм калды. Анткени туруктуу саясатчылардын саны азайып кетти. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Марат Султанов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Кеминде 1 жыл саясатка аралашпайм. Саясатчылар менен бир нерсе тууралуу сүйлөшүп алсаң да көпчүлүгү бурулуп кетет. Саясатта көп учурларда план болбойт. Ал эми бизнес тармагында сунуштар пландуу ишке ашат. Бийликке умтулуу оору болуп калат. Айрымдар адамдардын арасында жүрө албай калат экен. Саясатчылар менен жолукканда экономика, бизнес жөнүндө сүйлөшөм»,-дейт Султанов.

Ал буга кошумча, учурда мамлекеттик кызматка даяр эмес экенин белгиледи.

«Менин баштап койгон 3-4 долбоорлорум бар. Аны таштап кетсем туура болбойт. Эгерде жакшы команда болсо карап көрөм. Бирок кеңеш берүү жагынан өлкө үчүн колдоо көрсөтүүгө макулмун. Финансы, банк системасында реформаларды жасоо боюнча сунуштарым бар»,-дейт Султанов.

Copyright © 2017 Maral FM