Биз менен байланышыңыз

Трамп Huaweiдин кармалган менеджеринин ишине кийлигишет

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 698 | 0

Американын суранычы боюнча Канадада кармалган кытайлык Huawei телекоммуникациялык компаниясынын  финансы менеджери Мэн Ванчжоунун ишине президент Дональд Трамп кийлигишүү ниетин билдири. Бул тууралуу Reuters агенттиги жарыялады.

Трамп Юстиция министрлигинин бул ишине кийлигишүүсүн «мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо» жүйөсү менен түшундүрдү.

«Эгер Америка үчүн жакшы, пайдалуу деп эмептесем мен бул ишке сөзсүз аралашам».

Ошондой эле ал Кытай тарап анын адамдары менен сүйлөшүп жатышканын, бирок анын өзүнө эч ким чалбаганын кошумчалады.

Эске салсак, Huawei компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы жана компаниянын финансы менеджери Мэн Ванчжоу 1-декабрь күнү Канаданын Ванкувер шаарында кармалган. Американын талабы боюнча кармалган Ванчжоунун так айыбы айтыла элек.  АКШга өткөрүп бергенге чейин Канаданын Британдык Колумбия провинциясынын жогорку соту  аны шарттуу түрдө камактан бошотуу чечимин чыгарды.

Copyright © 2017 Maral FM