Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Мэйге жардам берет. Бирок ал кызматынан ажыроосу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 623 | 0

Британиянын Евробиримдиктен чыгуу маселесинин тегерегиндеги сүйлөшүүлөр акыркы чегине жетти.

Брекситтин негизги шарттарынан болгон эки Ирландиянын ортосундагы чек ара маселеси Англия парламентинин Мэйге каршы болушунун башкы себептеринен. Ошондуктан кечээ Евробиримдиктен чыгууну парламентке добушка коюуну артка жылдырып, дал ошол чек ара маселесине өзгөртүүлөрдү киргизүү суранычы менен  биримдиктин мүчөлөрү жана жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн Брюсселге келген премьер-министр Тереза Мэй биримдик ага жардам берерин  билдирди.

Мындай билдирүүсүн Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Нидерландынын премьер-министри Марк Рютте менен жолуккан соң ачыктады. Бүгүн болсо Мэй Евробиримдиктин башчылары Дональд Туск жана Жан-Клод Юнкер менен сүйлөшүүгө даярданууда.

Дональд Туск болсо өзүнүн Твиттер баракчасында: «Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин биримдик мүчөлөрү Мэйдин маселесин чечип бермей болушту. Бирок кантип?»,-деп жазды.

Ал арада британ парламенти Мэйге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп, талкууга ала башташты. Анткени биримдиктен чыгуу өлкөгө бир топ материалдык жана дипломатиялык жоготууларды алып келери маалым. Жадагалса бул ишке Мэйдин партиялаштары да каршылыгын билдирүүдө.

Эске салсак, 2016-жылы добушка коюлган Брексит 2019-жылдын 29-мартына пландалган. Ал азырынча парламенттин макулдугун ала элек.

 

Copyright © 2017 Maral FM