Биз менен байланышыңыз

Молдобаев билбей пара алып жүргөнүн айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Дек 2018 | 1915 | 1

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев “Марал” радиосуна берген маегинде учурунда билбей пара алып жүргөнүн айтты.

«Болгонун болгондой айтайын, 10 жыл депутат болуп иштеп жүргөндө бир да министрден, бир да кишиден бир бөтөлкө суу алып көргөн эмесмин. Себеби мага бала кезден эле арам оокат жаккан эмес. 2000-жылы «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик компаниясында жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеп калдым. Ошондо министр «сенин акың» деп акча берчү. Көрсө ошол пара экен. Мен жарым жылдай айына 4-5 миң доллардан алып жүрчүмүн. Күндөрдүн биринде 24 жаштагы кызым каза болуп калганда мага арам акча жакпай турганын түшүндүм», — дейт Молдобаев.

Нарынбек Молдобаев «Кыргызмунайзат» ишканасында 2000-2001-жылдары иштеген. Ал Жогорку Кеңештин IV-V чакырылышынын депутаты болгон.

Copyright © 2017 Maral FM