Биз менен байланышыңыз

Турганов: Калилов Жусубалиевден күмөн санап жүргөн

Пикирлер | 10 Дек 2018 | 1028 | 0

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Турганов Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен байланышкан. Анда министр пара менен кармалган орун басарынан шек кармап жүргөнүн, бирок колунда тиешелүү документтер жок болгондуктан нес болгонун айткан. Бул тууралуу Турганов өзү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Министр күмөн санап жүргөнүн ачык эле айтты. Бирок жооп берүүгө даяр экенин белгиледи. Айтайын дегеним, бир гана министрди карап турбашыбыз керек. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир эле бул тендер эмес, башка тендерлер да өтүп жатат. Эмне үчүн алар унчукпайт. Башка министрлдиктерде да ушундай учурлар болбойт деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан жоопкерчилик өйдө болушу керек. Тендер деген бир балекет болду. Анын арты менен коррупцияга чоң жол ачылып калды»,-дейт Турганов.

Эске салсак, 5-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал жолдорду куруу жана оңдоо боюнча өтүп жаткан тендерди чет элдик компаниянын пайдасына чечип берүү үчүн пара алган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM