Биз менен байланышыңыз

Элчи: 2019-жылы ири саясий иш-чаралар өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Дек 2018 | 594 | 0

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов “Марал” радиосуна берген маегинде 2019-жылы кыргыз-өзбек кызматташтыгы жигердүү улантыларын, алдыда ири саясий иш-чаралар өтөр күтүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, ШКУ уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт. Анын алкагында аталган уюмга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын, эл аралык уюмдардын жолугушуулары болот. 2019-жылдын март айында Ташкентте Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлеринин бейформал саммити өтөт.

Белгилей кетсек, Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлеринин бейформал саммити быйыл Астана шаарында өткөн. Ага Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламент спикери катышкан. Аймактагы мамлекет башчылардын Орусия лидери катышпаган соңку жылдардагы биринчи жыйынында коопсуздук, энергетика жана экономика маселелерин талкуулашкан.

Copyright © 2017 Maral FM