Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын элчиси: Дүйнөдө борбор азиялык дух калыптанууда

Пикирлер | 11 Дек 2018 | 638 | 0

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов “Марал” радиосуна берген маегинде акыркы убакта Өзбекстандын коңшу өлкөлөр менен болгон мамилесиндеги жигердүү кызматташуунун себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү.

«Орто Азия лидерлери кызматтануунун бирдиктүү багытын тапты. Ага ылайык, эки тараптуу же аймактар аралык деңгээлде биригип калган маселелелерди жоюунун орток чечимдерин таба алышты. Бул бардык элге пайда алып келди. Дүйнөдө борбор азиялык дух калыптанууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери сырткы «оюнчулардын» катышуусу жок, өз алдынча жолугушууларды өткөрүп жатышат»,-дейт Рошидов.

Анын айтымында, Борбор Азия мамлекеттери эки тараптуу маселелерин өз алдынча чечип жатышат. Эл аралык каржылык институттар менен бирдей деңгээлде эки тараптуу документтерди иштеп чыгышууда. Борбор Азия мамлекеттеринин максаты бир. Баары аталган аймак гүлдөп-өсүп, тынчтык өкүм сүрүшүн каалайт.

Copyright © 2017 Maral FM