Биз менен байланышыңыз

Рашидов: 2018-жыл кыргыз-өзбек мамилеси үчүн ийгиликтүү болду

Пикирлер | 11 Дек 2018 | 766 | 0

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов “Марал” радиосуна берген маегинде 2018-жыл кыргыз-өзбек мамилеси үчүн ийгиликтүү болгонун билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылда эки тараптуу мамилени жогорку деңгээлге өнүктүрүүгө багытталган бир топ иш-чаралар уюштурулган.

Кыргыз-өзбек дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгы белгиленди. Булардын баары достук мамилени чыңдоого салым кошту. Өзбек лидеринин демилгеси менен парламенттер аралык комиссия түзүлдү. Анын биринчи отуруму май айында Ферганада өттү. Медицина, укук коргоо, маданият жана башка тармактар боюнча мекемелер аралык кызматташтык өнүктү. Товар алмашуунун көлөмү өстү. Азыр анын көлөмү 300 млн доллардан ашты. Бул багытта өсүү бар”,-дейт Рашидов.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 2016-жылы 169 млн долларды түзсө, былтыр 259 млн долларга жеткен.

Рашидов мындан сырткары Өзбекстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында анын ысмы Юнусабад районундагы көчөлөрдүн бирине ыйгарыларын жана Ташкент облусундагы мектептердин биринде эстелиги ачылганын белгиледи. Бул аракеттер эки өлкөнүн өз ара кызматташуусуна салым кошуп жатканын айтып өттү.

“Эки өлкө бири-бирин эл аралык деңгээлде да колдоп жатат. Өзбек тарап Кыргызстандын аймагында өткөн иш-чараларга активдүү катышып келет. Өлкө башчылар Астанада Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлеринин бейформал саммитинде жана бир топ жыйындарда жолугушту. Мындай жолугушууларда кыргыз-өзбек мамилесин чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү”,-дейт элчи.

Ал буга кошумча, терроризм, экстремизм, кибер чабуул, баңгизат сатуу сыяктуу көйгөйлөр менен биргеликте күрөшүү зарыл экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM