Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги туманга байланыштуу аба каттамдарынын убактысы жылды

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 653 | 0

Эл аралык Манас аэропортундагы айрым каттамдардын убактысы коюу туман түшкөндүгүнө байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкектен Баткенге уча турган каттам токтотулган. Ал эми борбор калаадан Урумчиге боло турчу каттам 12-декабрга жылдырылды.

Кошумчалай кетсек, күндүзү аба ырайынын катаалдыгынан Москва жана Казань шаарынан Бишкекке келген учактар Ошко,Стамбулдан келген эки учак Алматыга конгону кабарланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM