Биз менен байланышыңыз

Кытай Apple компаниясынын смартфондоруна тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 719 | 0

Кытайдын Фучжоу шаардык соту америкалык Apple  компаниясынын смартфондорунун айрым үлгүлөрүн Кытайда сатууга тыюу салды. Алар iPhone 6, iPhone 6Plus, iPhone 7, iPhone 7Plus, iPhone 7, iPhone 7Plus жана iPhone X моделдери.

Компаниянын үстүнөн арыз жазганQualcomm.Inc  ишканасы Appleдин патенттик укуктарды бузганын айткан. Бирок компания өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, Qualcomm.Incтин аракети мыйзамсыз деп, аппеляциялык сотко арыз берди.

Алар тыюу салынган үлгулөр кайра иштелип чыгып, жаңы сапаттар менен сатыкка коюлганын жана каалоочулар сатып ала аларын жарыялашууда.

Кошумчаласак, бул окуя Aplleдин акциясын 2%га арзандатып жиберди.

Copyright © 2017 Maral FM