Биз менен байланышыңыз

Брексит боюнча добуш берүү артка жылды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 594 | 0

Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу тууралуу долбоор бүгүн Англиянын парламентинде добушка коюлмак. Бирок премьер-министр Тереза Мэйдин сунушу менен артка жылды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар кабарлашты.

Мэйдин мындай кадамына парламентте көпчүлүк депутаттардын, арасында өзүнүн партиялаштарынын дагы Брекситке каршы болуп жатканы себеп болду. Ал аталган долбоорго кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Брюсселге сүйлөшүүгө бара турганын айтып, добуш берүүнү кечеңдетти. Бирок серепчилер ага өзгөртүү кирсе да, кирбесе да парламент бул долбоорду өткөрбөсүн божомолдошууда.

Эгер парламент Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна каршы добуш берчү болсо, анда анын мындан ары алты турдүү жолу бар. Бирок Мэй пландалган боюнча 29-мартка чыгарын айтууда.

Эске салсак, Британия биримдиктен чыгуу тууралуу 2016-жылы референдум өткөрүп, чыгууну 51% калк жактап добуш берген. Бирок өлкөдөгү басымдуу саясатчылар дагы, Евробиримдиктин мүчөлөрү дагы муну жактырышкан жок. Акыры бир пикирге келген тапатар бир катар шарттар менен Британиянын биримдиктен чыгуусун кабыл алышты. Ал шарттардын башында Лондондун биримдикке төлөй турган 39 миллиард евросу бар.

Copyright © 2017 Maral FM