Биз менен байланышыңыз

Францияда айлык акы көтөрүлүп, салык азаят

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 672 | 0

Францияда 2019-жылдын январынан тарта минималдык айлык акыга 100 евро кошулат. Бул тууралуу президент Эммануэль Макрон кечээ түз эфирдеги кайрылуусунда айтты.

Мындан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү салыктан бошотууну жана иш берүүчү компанияларга кызматкерлерине белгилүү убакыттарда кошумча акы (премия) берүүсүн талап кыларын убадалады.

Макрондун бул кайрылуусуна өлкөдө дээрлик бир айдан бери токтобой келе жаткан нааразылык акциялары себеп болду. Алар башында бензинге карата акциздик салыктын көтөрүлүшүнө каршы чыгышса, кийин айлык акынын аздыгын айтып башташты. Акырында кээ бир аймактарда президент Макрондун отставкасын талап кылууга чейин жетишти.

Макрон кайрылуусунда өлкөдө түзүлгөн бул оор кырдаалга өзүнүн да күнөөсү бар экенин мойнуна алып, кечирим сурады. Ал эми 2019-жылга карата пландалган салык наркынын көтөрүлүшү убактылуу токтотулду.

Copyright © 2017 Maral FM