Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: «Ачык асман» 2019-жылдын биринчи жарымында натыйжасын берет

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Дек 2018 | 621 | 0

6 айдын ичинде «Ачык асман» долбоорунун механизмдери иштелип чыгат. Эгер ал ишке кирсе, 2019-жылдын биринчи жарымында натыйжасын берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор ишке кирсе, эл аралык каттамдардын билет баасы 30 пайызга арзандайт. Мындан сырткары өлкөнүн экономикасы өнүгөт. Себеби туристтер, инвесторлор көбүрөөк келе баштайт. Эл аралык «Манас» аэропорту жылына 2 млрд сом киреше тапса, «Ачык асмандын» кириши менен бул сумманы 4 млрд сомго чыгарса болот.

«Ачык асман» долбоорун киргизүү 2003-жылы башталган. Башында бул долбоорго мамлекеттик авиация каршы болгон. Себеби бул тармак коррупцияга чырмалышкан. Азыр чет өлкөлүк компаниялар Кыргызстанга кирүү үчүн уруксат алышы керек. Бирок уруксат алуу үчүн акча төлөшөт, коррупция бар. «Ачык асманды» киргизүү менен эл аралык компанияларга эркиндик берип, учууларды мыйзамдаштырып жатабыз»,-дейт Нурбаев.

Эл өкүлү Грузия, Сингапурда «Ачык асман» саясаты жакшы натыйжа берип жатканын белгиледи.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 6-декабрда “Ачык асман” долбоорун 3-окууда кабыл алган. Добуш берүүгө 108 депутат катышып, баары макулдугун берген.

Copyright © 2017 Maral FM