Биз менен байланышыңыз

Дүйшалиев: Жусубалиев 520 миң долларды өзү гана чөнтөгүнө сала алмак эмес

Пикирлер | 10 Дек 2018 | 1688 | 0

Транспорт жана жолдор министринин пара менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиев 520 миң долларды өзү гана чөнтөгүнө сала алмак эмес. Бул бир адамдын колунан келбейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тендер өткөрүүдө аталган министрликте чоң комиссия болот. Тергөө жүрүп, кимдер күнөлүү экенин сот аныктайт. Маселени териштирбей туруп өкмөттү кетирүү туура эмес.

«Бирөөнүн айынан баары күнөөлүү деп айткандан алысмын. Парламент өкмөттү толугу менен чакырат, алар жооп берет. Кызматкер жумушка алынып жатканда бардык жагынан текшерилет. Кийинки өкмөт ордунда калтырууга макул болгон соң, эки өкмөт (Сапар Исаков, Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү) дагы жоопкерчиликке тартылышы зарыл»,-дейт Дүйшалиев.

Эл өкүлү маалымдагандай, Талас-Тараз-Суусамыр жолу боюнча кыргыз жол куруучулары компания туура эмес иш алып барып жатканын айтышкан. 30 км жол салууга 1 млн доллар сарпталган.

«Биз барганда 1 млн долларга кылынган ишти көрсөтүп бере алышкан жок. Бул боюнча УКМКнын кызматкерлери иштеп жатабыз деп иш 6 айдан бери созулуп келе жатат. Тендерлер чыр-чатактын башы болууда. Талас-Тараз-Суусамыр жолу боюнча тендерди «Чакыр Япы» ишканасы утуп жатат. Анын бир дагы күрөк, техникасы, жадагалса лицензиясы жок дешкен. Алар үч жылдан соң лицензия алган»,-дейт эл өкүлү.

Ал тендерден Азербайжан компаниясы утуп, бирок «Чакыр Япы» жол салып жатканын айтып, түшүнүксүз неселер болуп жатканын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM