Биз менен байланышыңыз

Суусамырда «Көчмөн бизнес аянтча-2021» аталышындагы иш-чара өтүүдө

Кыска кабар | 14 Авг 2021 | 685 | 0

ЖИА Бизнес ассоциациясы бүгүн, 14-августта «Көчмөн бизнес аянтча-2021» аталышындагы иш-чара өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган ассоциациядан билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын 7 дубанынан келген 200дөн ашуун ишкер катышууда.

Ошондой эле туризм багыттарын аймактарда өнүктүрүүнүн жолдору боюнча тажрыйбалуу ишкерлер сунуш-пикирлерин айтышууда.

Мындан сырткары акындар Аалы Туткучев, Акбар Кубанычбеков жана башка өнөрпоздор катышкан чакан концерт да күтүлүүдө.

Ишкерлерди бир билекке чогултуп эффективдүү иш алып баруу башкы максат болуп саналат.

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов бул иш чаранын пайдасы тууралуу айтты. Анын айтымында бул жерде ишкерлер бири-бири менен таанышып, айрым учурларда ушул жерден жаңы бизнес пландар, долбоорлор жаралышы мүмкүн.

«Бул жерге келген конокторубуздун башкы максаты нетворкинг- башкача айтканда баарлашуу. Кыргызстанда бардык аймактардын ишкерлери бири-бири менен таанышуу максатында келип жатышат. Алар долбоорлору, бизнеске тиешелүү идеялары болсо ушул жерден ортого салышып, алдыңкы жылдарга пландарын коюшуп кенен талкуу кылып кетишет» , — деди Омошев.

“Көчмө Бизнес аянтча 2021” иш чарасы Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан Байтур резорт комплексинде өтүүдө. Ар тараптан келген жеке ишкерлер бир күн бою бизнеске байланыштуу маселелерди талкуулап, бир нече презентацияга күбө болушат. Андан сырткары уюштуруучулар тарабынан улуттук оюндар да уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM