Биз менен байланышыңыз

Согуштук куралдарды сатуу боюнча Орусия экинчи орунга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 625 | 0

Дүйнөлүк көйгөйлөрдү изилдөөчү Стокгольм институту согуштук куралдарды сатуу боюнча өлкөлөрдүн жаңы тизмесин жарыялады. Анда 2000-жылдардан бери Орусия биринчи ирет алдыңкы орунга чыкты. Тактап айтканда дүйнөлүк курал сатуунун 9.5%ы менен ал 2-орунга көтөрүлдү.

Мындай өзгөрүү Орусиядагы согуштук куралдарды жаңылоо реформасынын алкагында ишке ашканы маалым. Өзгөчө абадан соккуларды тосуучу жана атуучу комплекстери учурда популярдуу болууда.

Мурда экинчи орунду ээлеп келген Англия 9% менен үчүнчү орунда калды. Ал эми биринчи орунда АКШ. Американын дүйнөлүк курал соода-сатыгындагы үлүшү 57%.

Ал эми курал чыгаруу боюнча заводдордун алдыңкы катарын мурункудай эле Американын жана Батыш Европанын компаниялары толуктайт.

Стокгольм институту 1966-жылы негизделген. 1989-жылдан бери өлкөлөрдүн аскердик мүлктөрүнүн маалымат базасын түзүп, бүгүнкү күнгө чейин аны жаңылап келет.

Copyright © 2017 Maral FM