Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт жаңы жылга чейин иштейт»

Пикирлер | 10 Дек 2018 | 842 | 0

Эгер Европада министрдин орун басары пара алып кармалса? өкмөт дароо отставкага кетмек. Ал эми Кыргызстанда өкмөт башчы алмашканы менен көйгөй жөнгө салынбайт. Жалпы системаны өзгөртүү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Алишер Мамасалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин өкмөтү катаал шартта экономикалык, саясий туруктуулукту сактоо үчүн келген. Бул өкмөт кетет. Бирок эч кандай жагдай өзгөрбөйт. Андыктан өкмөт, президент комплекстүү реформага барышы керек.

«Өкмөттүн кетери баарыбызга түшүнүктүү, бирок жаңы жылга чейин иштейт. Премьер-министрдин жоопкерчилигин комиссия карашы керек. Ири сумма менен кармалган чиновник коомго чоң белги берип жатат. Коррупцияны жоюу үчүн комплекстүү реформа болушу шарт. УКМК мындай фактыларды ай сайын көрсөтүшү зарыл, коррупцияга карата профилактикалык иштер болсо, абал өзгөрөт. Өкмөттүн отставкасы менен бул маселе чечилбейт. Ал үчүн баары ачык болушу керек. Ошол эле тендерде, кадр тандоодо ачыктык керек», — дейт Мамасалиев.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Азимкан Жусубалиев чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканын билдирген.

Ал эми Мамасалиев 520 миң долларга мектеп же заманбап талаптарга жооп берген бала бакча салса болорун кошумчалайт.

Эскерте кетсек, 5-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM